Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Багдадда дагы терракт болду

10-ноябрда Багдаддын борборунда ресторанда жан кечти бомба жардырып, андан 30 адам каза болуп, 20 киши жаракат алды. Бул жардыруу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Ирактын өкмөт башчысы Ибрахим аль-Жафари менен сүйлөшүү үчүн келген күнү жасалды. Англиянын тышкы иштер министри Саддам Хусейин жана анын жан-жөкөрлөрүн сотто коргоп жаткан адвокаттар өз коопсуздугун камсыз кылууну эл аралык коомчулуктан талап кылгандан бир күн өтпөй келди. Ирактын мурунку вице-президенти Таху Яссин Рамаданды коргоп жаткан адвокат Адиль аз-Зубейди ушул жумада атып өлтүрүлгөн. Октябрь айында дагы бир адвокат өлтүрүлгөн эле.
XS
SM
MD
LG