Европа Союзу Казакстанда парламенттик шайлоонун алдында куугунтуктоо күч алып жатат деп нааразы. Өз билдирүүсүндө Евросоюз оппозициядагы партияларга жана журналисттерге чабуулдар боюнча тынчсыздануусун ачыктады. Документке ылайык оппозициячыл гезиттерди басып чыгуу жана таркатуудагы кыйынчылыктар, оппозициячыл жыйындардын үзгүлтүккө учуратылышы жана журналисттерге кол салуулардын күчөп баратышы тууралуу Евросоюз кайрадан тынчсыздануусун билдирүүгө мажбур.