Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58
БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда,12-ноябрда республика боюнча күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым аймактарда жаан жаайт. Батыш тараптан салкын жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысыккөл облустарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +5...+10 градус . Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу. Жалалабат, Баткен, Ош дубандарында түнкүсүн 0....+5, күндүз +8...+13 градус. Нарын аймагында түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр себелеши мүмкүн. Абанын температурасы: түнкүсүн -1 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз +7...+9 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу
XS
SM
MD
LG