Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ: ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЧЫҢАЛАБЫ?


Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык жана илимий техникалык кызматташтык боюнча эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын 8-отуруму ноябрдын аягында Омск шаарында өтөт. 11-ноябрда премьер-министр Феликс Кулов эки тараптуу жолугушууда каралуучу иш чаралардын даярдыгына байланыштуу өкмөт курамы менен жумушчу жыйынын өткөрдү.

29-ноябрда Омск шаарында өтүүчү кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жолугушуусуна Кыргызстандык делегацияны премьер-министр Феликс Кулов баштап барат. Ал эми Орусиянын өкмөт мүчөлөрүнөн турган комиссияны «Росатомдун» башчысы Александр Румянцев жетектей турандыгын премьер-министр Феликс Кулов өкмөттүн курамы менен болгон жумушчу жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, Орусиянын өкмөт курамынын жана ведомостволорунун жетекчилери менен болуучу өкмөт аралык комиссиянын отурумунда эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу, өнөр жай, газ-энергетика, өзгөчө кырдаалдар, айыл чарбасы боюнча, туризм тармагындагы маселелер каралат. Ошондой эле бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Феликс Кулов мындай деди:

- Шибердеги өкмөт аралык комиссиянын отурумунун алкагында негизинен Шибер аймагындагы бардык губернаторлор менен жолугушабыз. Анткени ал аймактарда ар кандай иште, бизнес тармагында иштеген биздин мекендештер көп. Шибер аймагы менен экономикалык кызматташтык боюнча көп иштер байланыштырып турат. Ошондуктан Орусия тарап жолгушууну Шиберде өткөрүүнү сунушташты. Ал жерге аймактагы губернаторлордон башка Орусиянын айрым министрликтеринин жана ведомостволорнун башчылары да барышат. Биз эки тараптуу өкмөттүк комиссиянын отурумунда кезектеги эле жолугушуу катары мамиле кылбай, анда козголгон маселелер боюнча жемиштүү иштеп, натыйжалуу жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Айрым ишкерлер, буга чейин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча макулдашылган бир катар маселелерди чечүүдө дале болсо көптөгөн проблемалар орун алганын айтышууда. Алардын пикиринде, Кыргызстандагы соңку саясий окуялар орто бизнес менен алектенген ишкерлердин ишине кедерги болуп, Орусиянын айрым ишканалары жана ишкерлери менен макуладашылган бизнес чөйрөсүндөгү иштер токтоп калган. Көпчүлүк инвесторлор башка өлкөлөргө кетип, Кыргызстанга туристтердин келиши азайган.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин президенти Девид Гранд Кыргызстандагы инвестициялык климаттын учурдагы абалы тууралуу буларга токтолду:

- Кыргызстандагы инвестициялык климат апрель айына караганда оңолду. Бирок көпчүлүк инвесторолор Казакстан, Орусияга кетип жатышат. Анткени ишкерлер ал мамлекеттер тарабынан камкордукту сезишет. Эгерде кыргыз өкмөтү салык системасын жакшыртып, коррупцияны жойсо, өлкөдө тынчтык болуп, коопсуздук менен камсыз болсо, анан инвесторлор келе баштайт.

XS
SM
MD
LG