БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин 11-ноябрдагы жардыгына ылайык, Кыргызстандын Украинадагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп Эркин Мамкулов дайындалды. Президенттин ушул эле күнкү дагы бир жардыгы менен Камил Султанов Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчиси болуп дайындалды. Аталган эки элчинин талапкерлиги буга чейин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинен колдоо тапкан. Мындай маалымат президенттин басма сөз кызматынан алынды.