Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ НААРАЗЫЛЫК УЛАНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин туугандары Жалалабад облустук бийлигинин алдындагы нааразылыгын 14-ноябрда да улантышты. Алар баштагыдай эле Баяманды өлтүрүүгө буйрук бергендерди таап, Карасуу базары менен “Алай” мейманканасындагы окуяларга байланыштуу соттолуп, убактылуу жайларда жатышкан 11 баланы бошотууну талап кылышууда. Талап аткарылбаса өз жандарын кыюу ойлорунан кайтыша элек. Укук коргоо уюмдары маселени мыйзам жолу менен, ал эми элдик дипломатиянын өкүлдөрү ыймандуулук менен чечүүнү жана өз жанына забын келтирүүдөн баш тартууга чакырышууда.

Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин облустук бийликтин алдында нааразылык билдирген туугандары талабы аткарылбаганын айтууда. Алар депутатты өлтүрүүгө жана анын 11 тарапкерин камоого буйрук бергендерди табуу, Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына байланыштуу окуяларды калыс териштирүү, менчиктерин сактоо, буюртма киши өлтүрүүлөрдү токтотуу талабы менен турат.

Баямандын эжеси Жаркын Эркинбаева соттолгон жана убактылуу жайларда жаткан 11 бала бошотулбаса, өмүрүн кыюу оюнан кайтпай тургандыгын эскертти:

- Төрт бала кесилип кетти. Азыр Карасууда жети балабыз жатат. Ошол балдарды чыгарсын. Эки балабызга санкция берилген, ошол балдардан санкциясын алып, өз элине келсин деген талаптар менен отурабыз. Биздин талабыбызды эч ким аткара элек али. Биздин талаптарыбызды аткарып беришин сурайбыз. Болбосо биз өз ойубуздан, пикирибизден кайтпайбыз, боз үйүбүз менен кошо өрттөнүп өлүүгө даярбыз.

Облустун бийлик жана укук коргоо башчылары Эркинбаевдерге маселени мыйзам жолу менен чечүүнү түшүндүрүүдө. Ал аракеттин натыйжасында Ноокен, Алабука районунан келген экинчи боз үйдөгүлөр нааразылыгын токтотушту. Прокурор Байтемир Ибраевдин маалыматы боюнча, 4 адам «Алай» мейманканасындагы окуяларга байланыштуу камалган:

- Мейманкана талашуу болгон. Бул факты боюнча Ош областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошол жердеги күнөөлүү адамдар жоопко тартылды. Анын ичинен төрт адам ар кандай мөөнөткө соттолгон. Чомоев Айбек деген балага биздин алган маалыматка караганда, тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган. Боштондукка кое берип жибергенге эч бир мыйзам жол бербей тургандыгын, ошол эле убакта мыйзамдуу жол менен бул балдарга көңүл бурдурса боло тургандыгын түшүндүрдүм.

13-ноябрда үйүнө кеткен Баямандын 85 жаштагы энеси боз үйгө кайра келди. Депутаттын эжеси Уркуя Эркинбаеванын айтымында, алар талаптарын кубаттаганы келген адамдарды артына кайтарууда:

- Биз талапты аткарган күнү эч кимге зыян келтирбей кетебиз. Биз элди топтогон жокбуз, пикет, митинг кылган жокбуз. Биз иштеген ишкерлерге зыян келтирбейли, Кыргызстан өнүгүп-өссүн деп Баямандын тууган-уруктары эле келип, ушул жерде талабыбызды коюп отурабыз.

Облустун тургуну Шакир Ажы Тайчабаров соттолгондорду бошотуу талабы акылга сыйбай тургандыгын белгилеп, маселени карасуулук жарандар менен сүйлөшүү аркылуу чечүүнү сунуш кылды:

- Ушул жерде тирүүлөр туруп алып ойлонбойлубу. Талабыңар 11 баланы ушул жерге алып келип, коюп коюш дейсиңер. Бул акылга сыйбай турган нерсе. Мейли Жогорку сотко апелляциялык арыз жазылсын. Кээ бир мыйзамдарыбызга туура келбеген жерге ыймандуудук туура келип калат экен.

Облустун жетекчилиги боз үйдөгүлөрдүн өмүрүн сактоо үчүн утуру сүйлөшүү жүргүзүүдө. Губернатор Жусупжан Жээнбеков күйүүчү май менен Баямандын апасын боз үйдөн чыгарып кетүүгө чакырды:

- Өлгөн өзүнүн шору, ыйлайбыз, көмөбүз, Куран окуйбуз, болду. Чындыкка чыга албайбыз. Бул жерде силерге эч ким тийбейт. Сабырдуулукка келели. Бул жердеги бензиндерди алып чыгып койгулачы. Энебизди уулантпагылачы.

Эркинбаевдер өздөрүн өрттөөгө жетиштүү бензинди сактап тургандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG