Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Казакстандагы оппозиция өкүлүнүн өлүмү боюнча пикирлер ар кыл


БИШКЕК. Казакстандагы оппозициянын өкүлү Заманбек Нуркадиловдун өлүмү боюнча Кыргызстандагы саясатчылар да ар кандай көз караштарын айтышууда. Айрым саясатчылардын пикиринде, Нуркадиловдун өлүмүнө президент Нурсултан Назарбаевдин тиешеси жок, анткени, ал мындай кадамга барышы мүмкүн эмес.

Бул тууралуу саясатчы Жыпар Жекшеев мындай дейт:

- Азыр президенттик шайлоонун алдында президент Назарбаев өзүн кескин сындап жүргөн оппозициянын өкүлүн өлтүрүүгө байрбайт. Ал ага кызыкдар эмес. Тескерисинче, Назарбаевдин аброюн түшүрүү үчүн, ага болгон ишеничти төмөндөтүү үчүн кайсы бир саясий топ тарабынан мындай иш жасалышы мүмкүн.

Ал эми кээбир саясатчылардын пикиринде, Заманбек Нуркадилов казак президенти Нурсултан Назарбаевдин башындагы авторитардык режимдин курмандыгы болуп калды. Мындай пикирин Борбор Азия демократиялык конгрессинин төрагасы, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев билдирди:

- Нуркадиловдун өлүмүнө президент Назарбаев түзгөн авторитардык-тоталитардык режим күнөөлүү. Анын президенттик шайлоо алдында өлтүрүлгөндүгү да бекеринен эмес. Демек, Назарбаевдин бийлиги оппозицияга каршы куугунтук баштады.

Заманбек Нуркадилов 12-ноябрда Алматыда өз үйүндө атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG