БИШКЕК. 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга мамлекеттик жардам көрсөтүү жана айыл жерлериндеги күйүүчү майлардын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселе козголду. Депутаттар жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан аликүнчө жардам берилбей, өкмөт бул маселени улам артка жылдырып келатканын айтышып, өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алышты. Депутат Марат Султанов парламентте кабыл алынган токтомдорду, мурдагы өкмөт аздыр-көптүр ишке ашырып келсе, азыркы жаңы өкмөт тарабынан ишке ашырылбай, кечиктирилип атканын мындайча сыпаттады:
- Азыр өкмөттөн эптеп-септеп эле жооптор келип ата, келечекте болот деп. Келечек үчүн жашап аткандай мамиле кылышууда. Ошондуктан азыр парламент тарабынан кабыл алынган токтомдорду өкмөттүн аткарышы үчүн катуу көзөмөлдөп, эгер аткарбаса өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе көтөрүш керек.
Отурумга премьер-министр Феликс Кулов белгилүү себептер менен катышпагандыгына байланыштуу жогорудагы маселелер келерки аптага калтырылды. Ал эми парламенттин ушул эле күнкү отурумунда Кыргызстандагы миграция боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.