Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Акүй алдында нааразылык чаралары өттү


БИШКЕК. 14-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына жерге муктаж 100гө чукул адам нааразылык билдирип чыгышты. Алар жер маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишин президент өзү көзөмөлгө алуусун, өкмөттөн үй курууга жер участокторун тез аранын ичинде бөлүп берүүсүн талап кылышты.

Ушул эле күнү өкмөт үйүнүн жанында Жалалабад шаарынын тургундары Жумгал Турдубекова, Турсуналы Акматжанов облустук жана шаардык сот тарабынан укуктары тебеленип жатканына наарзылык билдиришип, Жалалабад облустук соту Шералы Жакыпбаевди жана шаардык сот Камчыбек Ильясовду жоопко тартууну талап кылган плакаттарды жайып турушту. Ал эми Жалалабад шаарынын дагы бир тургуну Алишер Жээнбеков март ыңкылабында Жалалабад шаарында атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринен башынан жаракат алып майып болгонун, дарыланууга мамлекеттен кошумча каражат талап кылып келгенин билдирди:

- Догдурлардын мага койгон диагнозубоюнча, мээде шишик бар. Эми менин талабым: денсоолугумду оңдогонго ак үйдөн компенцация бериши керек. Жалалабад облусунун губернаторуна, мэрге жардам сурап кайрылсам, эч кандай жардам берилбеcтигин айтышты.

XS
SM
MD
LG