Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

АКШнын мамкатчысы Израилде жана палестин аймагында болду


Кондолиза Райс Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон менен Иерусалимде көздөшүп, Израил менен палестиндердин ортосундагы тынчтык жараянын талкуулады. Райс кийин Палестин бийлигинин президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүү жүргүздү. Аббас менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда мамкатчы эл аралык арачылар эки ортодогу карама-каршылыктарды жою боюнча компромисттик сунуш менен чыгышканын маалымдады.

Райс эми Иорданга жол тартат. Бүгүн палестиндер Батыш Жээкте «Хамас» тобунун улук мүчөсүн Израил аскерлери атып өлтүргөнүн кабарлашты. Хамасчылар өч алаарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG