Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Француз президенти “коом кесел” деди


Өлкөдө орун алган баш-аламандык коомубуздун “олуттуу дартка чалдыкканынын белгиси”, деп билдирди Франциянын президенти Жак Ширак 14-ноябрда. Президент Ширак негизги максат туруктуулукту орнотуу экенин, ал эми тополоңчулар жазасын алаарын, бирок адилеттүүлүк да болоорун белгиледи. Ал үчүн бийлик ыктыярдуулар уюмун түзөт жана ал жаштарга жумуш табууга жардамдашат. Француз өкмөтү өлкөнүн аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалды дагы үч айга созуу тууралуу чечимди дүйшөмбү күнү кабыл алды. Эми аны парламент жактырууга тийиш.

XS
SM
MD
LG