Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ӨЗБЕКСТАНГА ЭМБАРГО ЖАРЫЯЛАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Европа Биримдиги Өзбекстанга айрым чектөөлөрдү койду. Ага ылайык, мындан кийин өзбекстандык 12 саясатчы Европа мамлекеттерине киргизилбейт. Ошондой эле өзбек бийлигине сырттан курал-жарактарды, аскерий жабдууларды жана ички репрессияга колдонулушу ыктымал болгон ар кандай жабдууларды алып киргенге тыюу салынды.

Европа Биримдиги Өзбекстандын ички иштер министри Закиржон Алматов, коргоо министри Кадыр Гулямов баштаган 12 кишинин аты-жөнүн жарыя кылды. Бирок 14-ноябрда Москвага барып, Владимир Путин менен союздук келишимге кол коюп келген президент Ислам Каримов бул кара тизмеге кирген жок.

Европа Биримдиги бул чектөөлөрдү май айындагы Анжиян козголоңу менен байланыштуу кабыл алды. Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү элге каршы күч колдонгондугу жана бул окуяны эл аралык иликтөөгө өзбек бийлигинин жол бербегендиги үчүн ушундай чечим кабыл алынып отурат. Анжиян окуясында баш аягы 187 адам каза тапты, бирок айрым маалыматтарга караганда, миңдеген курамандыктар болгон. 14-ноябрда Ташкендеги сотто бул козголоңго катышы бар деген 15 адамга өкүм чыгып, арасындагы 3 кыргызстандык атуул 14 жылдан мөөнөт алышты.

Мына ушул окуялардын катарында 14-ноябрь өзбек бийлиги үчүн өтө жемиштүү деген күндөрдөн болду. Ислам Кармиов орус президенти Владимир Путин менен Москвада союздук келишимге кол койду.

Ош шаарындагы “Акыйкаттык жана укук тартиби” бейөкмөт уюмунун илдери Изатулла Рахматуллаев Ислам Каримов Орусиянын этегин кармап калганга аракет жасап жатат дейт:

- Европа Биримдиги чектөөлөрдү киргизүү менен жакшы кадам жасады. Ислам Каримов андан Европа дагы, АКШ дагы жүз буруп атканын көрүп туруп Орусиянын этегин кармап кетүүгө жанталашып атат.

Буга чейин Кыргызстандагы укук коргоочулар Ислам Каримовго кат жолдоп, өзбекстандык укук коргоочуларды жана журналисттерди куугунтуктаганды жана жөнсүз камакка алууларды токтотууну талап кылышкан. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын айтымында, өзбек бийлиги бул катка жооп берген жок. Исмаилованын пикиринде, Өзбекстан президенти саясатын баягыдай эле улантып жатат.

Европа Биримдигинин эмбаргосуна ылайык, эми Өзбекстанга сырттан курал-жарак жана аскерий жабууларды алып киргенге уруксат жок. Дүйнөлүк тажрыйбада эмбарго өз калкына репрессиялык кадамдарга барган жана коңшу мамлекеттерге аскерий кагылыш коркунучуну алып келген мамлекеттерге киргизилет.

Буга чейин БУУ тарабынан мындай эмбарго Иракка, Югославияга жана башка бир нече мамлекеттерге коюлган. Саясат таануучу Нур Омаров КМШ алкагында анча-мынча чектөөлөрдү эске албаганда бул биринчи окуя дейт. Анын пикиринде, Ислам Каримов Европа Биримдигинин бул чечимине Москвага сапары менен жооп кылды.

- Орусия менен союздук кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшпадыбы, андан кийин Өзбекстандын аймагында кандайдыр бир кагылышуулар болсо, Орусиянын куралдуу күчтөрү аны чечүүдө колдонулат деген идея айтылды. Өз режимине каршы басым башталгандан кийин Ислам Каримов Орусия менен жакындаша баштады, андан башка жолу жок. Азыр Өзбекстанда ушунчалык катуу репрессиялык режим орноп калды, аны жумшартуу же өзгөртүү аракеттери ал режимдин кулашына алып келет.

Анжиян козголңунда Кыргызстанга качып кирген 480ден ашык атуул үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өзбекстан оор кылмыштарды жасаган деп айыптап жаткан төрт бозгун азырынча кыргыз абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG