Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

БУШ АЗИЯГА САПАРЫН БАШТАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШнын президенти Жорж Буш Азияга баштаган 8 күндүк визитинин алкагында Японияга келди. Шаршемби күнү Буш өлкөнүн премьер-министри Юнихиро Койдзуми менен жолугушат. Япониядан тышкары Американын президенти Түштүк Корея, Кытайда жана Монголияда болуп, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунун Түштүк Кореяда өтө турган саммитине катышат. Сүйлөшүүлөрдө коопсуздук, орток соода жана куштар сасык тумоосуна байланыштуу маселелер көңүл борборунда болмокчу.

Буштун сапары Ооганстан жана Иракты калыбына келтирүүдөгү АКШдан кийинки эле эң чоң донор Япониядан башталды. Күн Чыгыш өлкөсү азыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү жана Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин директорлор кеңешинин төрагасы. МАГАТЭ учурда Ирандын ядролук программасына каршы катаң чара көрүү маселесин караштырууда. Шейшемби, 15-ноябрда Япониянын Осака шаарына келип түшкөн Буш 16-ноябрда Япониянын байыркы байтактысы Киотодо премьер-министр Дзюнихиро Койдзуми менен жолугушат.

Буштун Азияга башталган сапарынын күн тартибинде эркин соода, куштар сасык тумоосунун ыктымал боло турган пандемиясы, Түндүк Кореянын ядролук программасы өңдүү толгон-токой маселелер бар. Сапардын негизги окуясы - Азия-Тынч океан Кызматтыштык уюму- АПЕКтин Түштүк Кореянын Бусан шаарында 18-19 ноябрь күндөрү өтө турган саммити болмокчу. Уюмга мүчө 21 мамлекет Дүйнөлүк Соода уюмунун декабрь айында өтө турган жыйынына колдоо көрсөтөөрү күтүлөт.

Буштун жакында Америка өлкөлөрүнүн Аргентинада өткөн саммитине жасаган сапары нааразылык демонстрациялары менен коштолуп, АКШнын Америка континенттеринде эркин соода мейкиндигин түзүү пландары ишке ашпай калган болучу.

АПЕК өлкөлөрүнүн Түштүк Кореяда өтө турган саммитинде ошондой эле канаттуулар сасык тумоосу тутанган учурда алдын ала эскертүү системасын түзүү жөнүндө макулдашылат. 2003-жылдан бери куштардын ылаңы 120дан ашык адамга жугуп, алардын 60тан ашыгы өмүр менен кош айтышты.

Канаттуулар сасык тумоосуна байланыштуу маселе Буштун сапарынын көңүл чордонундагы маселе. Нью-Йорктогу Тышкы Байланыштар Кеңешинин Азия бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Элизабет Экономи мунун себебин мындайча чечмелейт:

- Администрациянын максаты - Кытай жана Вьетнам сыяктуу айкындуулук 100 пайыз кепилденбеген өлкөлөргө алардын аракеттеринин Азия жана бүткүл дүйнө үчүн маанилүүлүгүн кайсы бир дэңгээлде кысмактоо жана шыкактоо аркылуу көрсөтүп, түшүндүрүү болуп жатат.

АПЕКке мүчө өлкөлөр ошондой эле терорризм жана кыргын салуучу куралдарды жайылтуу сыяктуу коркунучтардан коргонуунун жолдорун талкуулашат.

Саммиттин алкагында Буштун Кытайдын президенти Ху Дзинтао менен да көзмө-көз жолугушаары пландаштырылууда. Азия визитине аттанаардан бир нече эле күн мурда Буш Вашингтондо Тибеттин сүргүндө жүргөн диний Лидери Далай Лама менен жолугушуп, сүйлөшкөн. Өткөн жумада Буштун администрациясы Кытайды диний эркиндикти чектеп жаткан өлкө катары сыпаттаган болучу. Ошон үчүн Кытай лидери менен боло турган жолугушууда Буш Кытайдагы адам укуктарынын акыбалы жана саясий реформалар маселесин козгоору күтүлөт. Ошону менен катар эле Кытай-Америка орток соодасындагы дисбаланс маселелери талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG