Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:48

ЖЕРГЕ МУКТАЖДАР КАЙРАДАН НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ


15-ноябрда жеке менчик үй куруу үчүн жер участогуна муктаж 50дөн ашык адам өкмөт үйүнүн жанына топтолушту. Алар жер участогун Бишкек шаарына жакын жерден бөлүштүрүүнү жана бул маселеге президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөл кылуусун талап кылышып, өкмөттүн 8 айдан берки убадасына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Эгерде талаптары аткарылбаса нааразылык акциясын уланта турагандыктарын билдиришти.

Бишкек шаарында учурда 3,5 миңге чукул жеке менчик үй курууга жер участогун алуучулар тиешелүү документтерин даярдашып, 8 айдан бери жер участогун бөлдүрүп ала алышпай, убара тартып келишкенин айтышууда. Ал эми агроөнөр жай жана кайра иштетүүнүн өндүрүшү бөлүмүнүн референти Аскар Момбеков мындай дейт:

- Апрель айынан бери үй куруучуларга жер участогун бөлүп берүү менен алпурушуп келүүдөбүз.Ошондон бери жалпы республика аймагы боюнча 3 миң 200 гектар жер бөлүнүп, анын ичинде Бишкек шаарына бир миң гектардан ашуун жер бөлүнүп берилди. Эгерде туура бөлүштүргөндө ушул жерлер муктаж адамдарга жетиши керек эле.

Аскар Момбековдун айтымында, жер участогун алууга Бишкек боюнча алгач 83 миң адам катталган. Жерге муктаждардын жер участогун алууга укугу барбы, же жокбу деген маселе көтөрүлгөндө алардын 53 миңи калып, тиешелүү справкаларды даярдашкан. Ошол жер участогун алуучу адамдардын ар бирине аймактардан сурамжылоо жүргүзүлгөндө, негизинен 18, 19 миңдин айланасындагы адамдарга гана жер участогу бериле тургандыгы такталган. Бул күнгө чейин алардын 10 миңине жер участогу берилип, 3,5 миң адам ипотекалык кредит аркылуу көп кабаттуу үй алууга катталышкан. Ал эми калган адамдар айрым бөлүнгөн жерлерден участок алуудан баш тартып, Аламүдүн районундагы Каражыгач айыл өкмөтүнөн жер бөлүп берүүнү талап кылып атышат.

Ал эми бир канча жылдан бери батирде жашап жүргөн Чынара Кожоева алигиче жер участогун ала албай келатканын билдирди:

- Бир дагы жер участогун ала элекбиз. Менин үч балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Апрель айынан бери жер участогун ала албай жүрөбүз. Эмнеге калп айтат элем.

Чынара Кожоева жер участогун бөлүштүрүүдө райондук администрациянын кызматкерлери менен жеке менчик үй куруучулардын айрым коомдук уюмдарынын, топтордун башчылары сүйлөшүп алышып, акчага кезексиз жер участогун алып бергендер да бар экенин кошумчалады:

- Мисалы башка топтогу лидерлер, топ башылар элден 15-20 миң сомдон акча чогултушуп, жер участогун алып беришти. Ал эми акчасы жок бизге окшогондор жерсиз калышты.

Агроөнөр жай жана кайра иштетүүнүн өндүрүшү бөлүмүнүн референти Аскар Момбековдун айтымында, жер участогун талап кылышкандар аларга бөлүнгөн жерлерден баш тартышууда.

- Бөлүп берген жерге барбайбыз деп беймаза болушууда. Мына өзүлөрүнөн деле сурап көрсөңүз. Булар Озерныйдан, Манас айылынан бөлүнгөн жерлерге барбайбыз деп жатышат.

Озрерныйдан бөлүнгөн жер саздак жерде болгондуктан, турак жай куруунун кажети жок, дейт Гүлжамал аттуу келин.

- Озерныйдагы бөлүп берген жерге өз калоосу менен барган адамдар жерди казганда 80 сантиметрден кийин суу чыгат экен дешип, ал жерден баш тартышты. Саздак жерге турак жай куруунун кажети канча? Бир жылдан кийин курган үйлөрүбүздүн пайдубалы чөгүп, бекер чыгым болобуз. Аны уккандан кийин элдер ал жерден жер алуудан баш тартышты. Чоңдор өздөрү деле ойлобойбу. Алар анчалык март экен ошол жерлерге барып, үй салышсынчы.

-Ал ошондой эле Бишкек шаарынын тегерегиндеги жерлерди айрым жогорку бийликтегилер, депутаттар менчиктештирип, карапайым калкка Озерныйдын саздуу жеринен бөлүп бергени калыстыкка жатпастыгын белгиледи.

Алтымыш жаш куракка келип калган көп балалуу Дамира аттуу эне азыркы бийликтегилер убадасын аткарбаганына нааразы экендигин билдирди:

- Акаевди бийликтен сүрүп чыгышкандан кийин булар өздөрү айтышкан. Бакиев ар бир кыргызстандык кыргыздарга 5 сотых жер алууга мүмкүнчүлүк бар деп айткан. Ошол сөзүнө турган жок Бакиев.

Ал 8 айдан бери жер участогун алабыз дешип жумуштан куулуп, үй бүлөсү менен ажырашкандар да бар экенин кошумчалады:

- 8 айдан бери жер алабыз деп жүрүшүп иштеген жумушунан айдалып, жумушу жок калгандар канча. Жердин кесепетинен ажырашкан үй-бүлөлөр да бар. Тирүүлөй жетим-жесир калгандардын убалы кимге?

Ал эми октябрдын аягында өкмөт үйүндө мурдакы биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов үй куруучулардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Бишкек шаарынын аймагынан үй курууга жер участогу берилбестигин, жер алууну көздөп митинг, пикет сыяктуу нааразылык иш чараларды өткөрүүгө тыйуу салынаарын, аны уюштурган адамдарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG