Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Шаардык сот соттошкон тараптарды жараштырды


ОШ. Ош шаардык соту 15-ноябрда губернатордун биринчи орун басары Кушбек Тезекбаевдин мыйзамдуулукту коргоо кооомдук бирикмесинин координатору Талант Касиевге каршы берген доо аразын карады. Сот жараянынын башында доо арызынын ээси Кушбак Тезекбаев 17-октябрь күнү облустук администрациянын алдындагы митингде Талант Касиев аны элдин эсебинен үй салып жаткан коррупционер деген жалган ушак таратуу менен ишкер беделиме шек келтирди, деп көрсөтмө берди. Кушбак Тезекбаев өзүнүн берген доо арызында айыпталып жаткан Талант Касиевден Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси боюнча жалган ушак таркаткан деген негиз менен маалымат каражаттары аркылуу кечирим суроону жана моралдык зыян катары бир миллион сом өндүрүүнү суранган. Сотко жоопкер катары чакырылган Талант Касиев митингде губернатордун биринчи орунбасарынын жеке ишкер беделине шек келтире турган сөз айтпагандыгын, бирок үй салып жаткандыгы боюнча мисал гана келтиргендигин айтып, көрсөтмө берди. Бул маселе боюнча соттун жүрүшүндө эки тараптын тең күбөлөрү суралды. Сот жараянынын аягында судья Мамбет Токсонбаев тараптарды жарашууга чакырды. Бир канча толгонуулардан кийин Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев Талант Касиевге карата берилген доо арызын кайтарып ала тургандыгын жарыялады. Ошентип сот иши тараптардын жарашуусу менен аяктады.

XS
SM
MD
LG