Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Аксыда президент Бакиевдин бийлигин колдогон митинг болду


ЖАЛАЛАБАТ. Митингди “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы уюштурду. Райондук бийликтин алдында өткөн митингге 500дөй адам катышып, сүйлөгөндөр президент К. Бакиевдин жүргүзгөн саясатын колдоорун билдиришип, райондун акими Тажимамат Туралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Анын район башчылыгына туура эмес дайындалганын жана кошуна өзбек эли менен мамилени начарлатып ийгендигин айтышты. Мындай маалымат Аксы районунан 15-ноябрда алынды. Маалыматка караганда, аким Тажимамат Туралиев өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты. Митингдин жашы улуулаган катышуучуларына уруксат берилип, 100дөй жаш адам акимди жана башка кызматкерлерди райондук администрацияга киргизишпей, 30 чактысы имаратты ээлеп алышты. Алар талаптары аткарылмайынча нааразылыгын токтотпой тургандыгын билдиришкен. Облустук ички иштер башкармасы митингге 400дөй адам катышканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG