Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:19

Өзбекстан менен Орусия келишими ар кыл пикир жаратууда


БИШКЕК. 14-ноябрда Москвада кол коюлган шериктештик мамилелелер тууралуу Владимир Путин менен Ислам Каримов кол койгон келишим Кыргызстанга оң таасир тийгизип, геосаясий мамилени бекемдейт. Мындай көз караштарын саясатчы Адылбек Кадырбеков менен саясат таануучу Токтогул Какчекеев билдиришти. Алардын пикирлерине караганда, кошуна Өзбекстан менен башкы өнөктөш Орусиянын жаңы кадамы экономикалык, саясий, коопсуздук жаатындагы мамилени күчөтөт. Ал эми коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахманов тескерисинче, Орусияны авторитардык өлкөнү колдоо көрсөткөнү үчүн сынга алып, Өзбекстанды азыркы жагдайда өнөктөш издөөгө аргасыз болгон өлкө катары сыпаттады. Чет өлкөдө жашаган саясат таануучу Камалдин Раббимовдун пикиринде, кызматташтыктын бул жаңы өңүтү бара-бара Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюму аркылуу кысым көрсөтүүгө чейин жеткириши ыктымал. ШКУ өзүнүн июнь айындагы Астана отурумунда антитррордук коалициянын Өзбекстандагы Ханабад жана Кыргызстандагы Ганси авиабазаларын алып чыгып кетүү мөөнөтүн тактоо сунушу менен чыккан. 29-июль айында Өзбекстан бийлиги АКШга аскер базасын жыл этегине чейин чыгарып кетүү сунушун билдирген.

XS
SM
MD
LG