Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

БАРСКООНДО ЖОЛ ТОСУУ УЛАНУУДА


Кумтөр алтын кенин иштетүү ишканасындагы автоунаа кыймылын токтоткон барскоондуктар 15-ноябрда жааган калың карга карабай нааразылык акциясын улантышты. Экинчи жолку мындай жол тосуу 10-ноябрда башталган. 1998-жылдагы Барскоон кырсыгынан жапа чеккен айылдардын калкы аталган ишканадан моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылышууда.

Цианидден ууланган беш айылдын тургундары мындан беш күн мурда нааразылык акциясын баштаганда, 14-ноябрга чейин компенсациялары төлөнбөсө Кумтөр ишканасына кетчү электр жарыгын өчүрөбүз, деп эскертишкен эле. 14-ноябрь күнү алар менен облустук деңгээлдеги жетекчилер сүйлөшүүгө келгени менен жыйынтык болгон жок. Ал эми элдин талабын жаңы түзүлгөн мамлекеттик комиссияга билдирүүгө кеткен демилгелүү топ дагы 14-ноябрь күнү оң жооп ала албай өкмөттүк жыйналыш 15-ноябрга калтырылган. Нааразылыкка чыккандар комиссия башчысы Медетбек Керимкуловдун бийликке көбүрөк алагды болгону ишти кечеңдетип жиберди деп боолгологонун айтышып, эми аягына чыкса деген тилектерин билдиришти:

- Керимкулов кеткени менен эч кандай жылыш болгон жок. Эми көрөбүз го. Бул иш аягына чыкмайынчa турганыбыз турган, – дейт демилгелүү топтон Абдыкалый Чолпонкулов.

Бирок эл мамлекеттик комиссияга дагы, жергиликтүү бийликке дагы ишеним артпай калгандыгын белгилешти:

- Мен Абдыбекова Бурулсун. Биз күзүндө чыкканбыз, ошондо бир айдын ичинде чечип беребиз деп убада берип, таратып жиберген. Андан бери самсаалап жүргөнүбүз канча болду. Баарыбыз тажадык, кыжырдануубуз ушунчалык болуп кетти. Эч ким элди токтото албай калды.

- Менин атым Арсар Бектурова. Акимибиз бир айылга башкача сүйлөп, экинчи айылга барып башкача сүйлөп атат. Беш айылдын эли бир муштумдай туруп атабыз. Себеби уулансак, оорусак, өлсөк биз өлүп атабыз. Биздин көйгөйүбүздү чечип берүүчү ушулар эле да. Жок кайра элди тыйып, антпегиле-митпегиле деп атат. Эл чегине жетип бүткөн үчүн эч кимдин тилин албай чыгып отурабыз.

Барскоондон алтын казууга канадалыктардын чоң машиналары Тосор айылын аралап өтөт. Ал жол боюнда жашагандарга чоң кедергисин тийгизип жатканын ырастаган ардагер эми Кумтөр жолун эле эмес Балыкчы-Каракол тарапка кетчү чоң жолу дагы тосулат дейт:

- Машина тогуздан колонна менен кетет. Бир эле өтпөй, төрт жолу өтөт ушул жерден. Серванттагы идиш-аяк кадимкидей калдырайт. Керек болсо биз кара жолдун боюн да тособуз. Үйлөр, сарайлар бузулуп, кайра жаңылап салып атабыз.

Ал эми Жетиөгүз районунун акими Замир Турдукеев коюлган талаптардын райондук бийликке тиешелүүсүн чечип жатканын айтат:

- Буга чейин коюлган талаптардын районго тиешелүүсүн чечип атабыз. Мисалы диагностикалык борборун толугу менен ремоттоп бердик. Ал эми жабдууларын болсо Кумтөр чечип бериши керек.

Барскоон нааразылык акциясынын негизги өзөгү эми компенсация бериле баштайт деген губернатордун гезиттердеги ырасмий билдирүүсү болгон. Жакында акчалуу болобуз деп ишенген эл үстөк пайызы менен да акча, карызга дагы буюм ала беришкен экен:

- Биз жетим балдарды да кийинткенбиз. Азыр ар бир дүкөнгө карызбыз. Көчөдөн баса албай калдык.

- Эми ошол компенсацияны өндүрөлү деп атабы, – деди аларга түшүндүрүүгө аракеттенген облус губернаторунун биринчи орунбасары Калыбек Алышбаев.

Жол тосууга баргандар Барскоон окуясында жапа чеккендердин талабы бул жолу да аткарылбаса Кумтөр ишканасына кетчү электр жарыгын өчүрө тургандыгын да эскертишет:

- Азыр биздин беш айылдын эли Тамгадагы подстанцияны курчап турат. Эгерде такыр эле болбосо биз электр жарыгын өчүрүүгө мажбур болобуз.

Эгерде мындай болсо, эл аралык келишим боюнча Кумтөрдү электр кубаты менен камсыз кылалбагандыгы үчүн Kыргызстан чоң төлөмөргө учурашы да ыктымал.

15-ноябрь күнү кечке жуук өкмөттүк комиссия маселени кароону улантуу 16-ноябрга калтырылганын маалымдады. Анткени Барскоон компенсациясын “Сентерра голд” компаниясынын президенти Хаменюк гана чечет экен. Ошондуктан эртең Канададан Хаменюк мырзанын келиши күтүлүүдө.

Cүрөттө: 2005-жылдын 3-августу. 8 күн бою жол тоскон барскоондуктар өкмөттүк комиссия мүчөлөрү менен жолугушуп жаткан учур.

XS
SM
MD
LG