«Мындан ары биз жашай турган мыйзам» деп мүнөздөдү конституциялык жаңы өзгөрүүлөрдү 15-ноябрдагы «Слово Кыргызстана» гезити. Жаңыланчу Башмыйзамда Конституциялык соттун аткарып келген иштери Жогорку сотко өткөрүлөт, буга чейин шайланган президент, парламент, сот органдары ыйгарым укуктарын сактап калышат.
Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөрдү 16-ноябрдагы «Республика» гезитинде саясат таануучу Алымбек Биялинов көпчүлүк кыйладан бери күтүп аткан башмыйзам өзгөрүүлөрүн кайталанып келаткан «эски ыр» таризинде сыпаттады. А. Акаевдин жеке бийлигин кулаткан калк кардиналдуу жаңыланууну күткөн, жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы социалдык жоопкерчиликти так бөлүштүрүүнү каалаган.
Айтса, ушул эле гезитте 15 жылга жакын бийликте турган А. Акаевди кимдер чоң кызматка алып келгендигин баяндаган Аликбек Орозовдун «КГБ жана А. Акаев» деген макаласы да жарыяланган. А. Акаевдин президенттиги кандай аяктаганы элдин баарына дайын. Бирок да аны коопсуздук кызматы чоң орунга кантип алып келгени көпчүлүккө белгисиз.
«Өкмөттү өкүртө сындаган парламенттин өз өтүгү майрыкпы?» деп суроо коет 15-ноябрдагы «Эркинтоо» гезити. «Саргара күтүп жаткан жүздөгөн мыйзам долбоорлору да каралбай, дагы бир жумага жыйын болбой турган болду. Министрлерди чогултуп алып, каалашынча калчаган депутаттар, өздөрүнүн да жоопкерчилиги бар экендигин сезбей, өздөрү айткандай жапа чеккендерге акчалай жардам чогултуп бербей, эл кыйналып атат, командировкага эки-үчөөбүз эле барып, калгандарыбыз иштейли дебей, сүрө-сүрө сүйлөп алышып, чет өлкөлөргө учуп кетишти». Гезиттин ырасташынча, «ар качандан бир качан кворум жок» сессиясын үзгүлтүккө учуратып келаткан парламенттин ишине «эл өзү тараза болсун».
Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарынын «Миң жылдыктын чакырыктарынын эсеби» программасына кирчү өлкөлөрдүн катарына кошулганын 15-ноябрдагы «Кыргыз туусу» гезити кабарлады. Буга чейин талапкерлер катарына кошулуп, бирок да каржылык колдоо алчу өлкөлөрдүн катарына кирбей калган Кыргызстан быйыл 13 өлкөнүн катарында аты аталды. Аларды ичинде постсоветтик республикалардан Украина, Молдова да бар.
Экс-президенттин кызы Бермет Акаева коңшулаш Казакстанга барганы маалымдоо каражаттарына байма-бай маектерди куруп, Кыргызстан оңолгус кризиске капталганын айтууга өттү, деп жазат Руслан Алиев 15-ноябрдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде. Казак журналисттери экс-президенттин кызын «куугунда жүргөн эркеайым» деп атап алышкан. Атасы саясий трибунаны Москва университетине алмаштырса, кызы Казакстанда Кыргызстан боюнча чоң адис катары көрүнүү далбасасын жасоого өттү.
Жалалабат шаарында темир жолго товарын жайып соода кылуу көнүмүшкө айланып баратканы ушул эле гезиттеги М. Урумбаевдин макаласында баяндалган. Ал эми Бишкектен Орусияга каттап аткан поюздардагы балиттик текшерүүгө чыккан парламент депутаты, министр менен министр орунбасарын катуу ойлонтконун 15-ноябрдагы «МСН» гезити жазып чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгын караган парламенттик комиссия ишти оңдоого темир жол кызмат жетекчилерине убакыт берди, бирок алардын экономикалык оорчулукка шылтап, батыл аракет көргөнгө көңүлү анча жоктой, деп жазат Е. Скородумова.
Басылманын жаңы санында эксперт Гани Абдрасиловдун «Бизге кыйла жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасы керек» деген аталышта маеги жарыяланган. Чиновниктердин салык системасын жөнөкөйлөштүрүүгө мойну жар бербейт, себеп дегенде, салыкчыныкы дайым туура чыгат. «Патент – абыдан жөнөкөй, бирок да калыс бөлүнбөгөн салык. Кирешеден алынчу салык – калыс, бирок абыдан татаал салык», дейт Гани Абдирасилов.
Өкмөт башчынын 1-орунбасарын дайындоо эки бийликтин ортосундагы оромпойго айланууда. 16-ноябрдагы «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында мына ушул тема козголду. Журналист Д. Орлов «Урушка себеп чыгууда. 1-вице бизге аябай эле керекпи?» деген суроону коет.