Үч күнгө созулуучу дүйнөлүк саммитте Интернет жана аны келечекте кантип башкаруу боюнча кызуу тала- тартыштар жүрөөрү күтүлүүдө. Саммиттин басма сөз катчысы Франкин Ламберттин айтымында, делегаттар ошондой эле жыйындын 2003-жылы Женевада болгон биринчи баскычында кабыл алынган чечимдерди кантип аткаруу маселесине көңүл бурушмакчы:
- Анда информациялык коом өнүгүүсүнүн алкагы болуучу башкы маселелер боюнча принциптердин декларациясы кабыл алынган. Мындан сырткары 2015–жылга карата дүйнөнүн баардык өлкөлөрүн байланыштыруунун жолдору боюнча иш-аракеттердин 15 пункуттан турган планы бар. 2003-жылдын идеясы максаттарды алып чыгуу эле, ал эми саммиттин экинчи этабынын милдети - ошол максаттарга жетүүнүн практикалык жолдорун табуу.
Мындан эки жыл мурунку декларацияда камтылган принциптер кибернетикалык мейкиндикте ой-пикир билдирүү эркиндигин жана адам укуктарын коргоону камтыйт. Ошондой эле анда адамдардын Интернетте маалымат алуусу үчүн бүткүл дүйнөдө бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө көңүл бурулган.
Анткен менен башкеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун пикиринде, ошол 2003-жылкы декларациянын принциптери аткарылышы үчүн али көп иш жасалышы керек. Уюмдун Интернет эркиндигине байкоо салган тобунун башчысы Жулиен Пейндин айтымында, кибернетикалык мейкиндикте адам укуктарына эң чоң коркунучту репрессиячыл өкмөттөр туудурууда. Аталган уюм Тунистеги саммиттин жүрүшүндө "Интернеттин душмандары" деп эсептелген өлкөлөрдүн тизмесин сунуш кылмакчы:
- Интернет эркиндиги жагынан караганда, Кытайдыкы эң репрессиячыл жана цензуралоодо көбүрөөк натыйжага жеткен өкмөт. Америкалык компаниянын алар ээ болуп алган технологиясы кытай бийликтерине Интернеттеги цензураны бир топ натыйжалуу кылуусуна жана өкмөттүн расмий көз карашына дал келбеген ар бир саясий добуштун жолун тосуусуна мүмкүндүк берет.
Жулиен Пейн кошумчалагандай, дүйнөлүк маалымат түйүнүн цензуралоо жагынан Иран менен Беларусия да Кытайдыкына окшош стратегияны карманууда:
- Иран цензуралап келген сайттар миңдеп саналат. Себеби соңку жылдары Интернетте көптөгөн саясий сайттар пайда болду. Ирандын өкмөтү азыр алар саясат жөнүндө кеп кылып, өкмөттү сындоосунун алдын алууга аракеттенүүдө. Соңку эки жылда Интернет сайттын көптөгөн уюштуруучулары түрмөгө түштү.
Ал эми Беларусияда Интернетти ким, кайсыл максатта пайдаланып жатканын билүү кыйла жеңил. Себеби атуулдарга Интернетке чыгуу мүмкүнчүлгүн тартуулаган же адистердин тили менен айтканда провайдерлик кызматта аркалаган ишканалар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Беларусиянын мыйзамы ошондой Интернет кафенин кызматынан пайдалангандар паспорту жана үй дарегин көргөзүү аркылуу катталуусун талап кылат.
"Чек арасыз кабарчылар" уюму Борбор Азиядан Интернеттеги чектеген өлкөлөр катары Түркмөнстан менен Өзбекстанды бөлүп көргөзүүдө. Уюмдун өкүлү Жулиен Пейн Түркмөнстандын өкмөтүн Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо кылып жаткан репрессиячыл режим ирээтинде мүнөздөдү:
- Түркмөнстанда Интернетти аз эле адамдар пайдалана алат. Бул Интернетке өкмөт өкүлдөрү менен саналуу ишкерлер эркин чыга алган Кубадагы кырдаалга өтө эле окшош. Түркмөнстанда, эгер сиз чет өлкөлүк компанияга иштебесеңиз, же өкмөт өкүлү болбосоңуз Интернетке кире албайсыз.
Жакында өзбек президенти Ислам Каримов Интернеттин өз өлкөсүндө өнүгүүсүнө карата оң баасын берген эле. Анын айтымында, Интернеттин жолун бөгөө - өкмөттүн колунан келе турган иш эмес:
- Интернет аркылуу келип жаткан кабарлар Өөзбекстанга терс таасирин тийгизүүдө деген пикирлерге кошулбайм. Эмне дегенде, Интернет зарыл нерсеңизди барып сатып алуучу ири дүкөнгө окшош. Интернетти толук жаап коюу - акмактын оюна гана келе турган идея. Мүмкүн эмес. Ким аракеттенбесин эч кандай натыйжа чыкпайт.
Бирок "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Жулиен Пейн Каримовдун сөздөрү өлкөдөгү чыныгы кырдаалга дал келбесин белгилейт:
- Биз президент Ислам Каримов Өзбекстан үчүн Интернетти кантип өнүктүрүүнү көздөөрү жөнүндө билдирүү жасап жатканын билебиз. Бирок ошол эле учурда ал Интернетин күчү анын бийлигине кандай коркунуч жарата аларынан жакшы кабардар. Демек ал өлкөдө Интернетти көзөмөлдөөгө аракеттенүүдө. Бул ишке Өзбекстандын атайын мекемелери да тартылган жана алар Интернет кызматын көргөзгөндөргө оппозициячыл сайттарды жабуусу үчүн кысым жасап турат.
Ал эми башкеңсеси Москвада жайгашкан "Fergana.ru" интернет сайтынын редактору Данил Кислов өзбек бийликтери өзбекстандыктар алардын кээ бир макалаларын окуусуна тоскоолдук кылып жатканынан шек санабайт:
- Сайттарга толугу менен тоскоолдук жасалбайт. Мисалы "Fergana.ru", "Centrasia.ru", "Freeuz. org" өңдүү сайттарды ачууга болот. Бирок бийликтер оппозициячыл, антиконституциялык, өкмөткө каршы идеялары бар деп эсептеген макалалар ачылбайт. Чынында болсо жогорудагы сайттардын биринин да мындай максаттары жок.
Айтор адистер тигил же бул өлкөнү Интернетте маалыматты эркин жайылтоого мажбурлоо азырынча мүмкүн эмес экенин моюнга алат. Тунистеги саммиттин басма сөз катчысы Франкин Ламберттин айтымында, репрессиячыл өлкөлөргө кысым жасагыдай чараларды көрүү - эл аралык дипломатиянын иши. Бирок ал белгилегендей, Интернетин эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарды жаратуу – туура багыттагы кадам.