Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Германия элчиси Ошто


ОШ. Германиянын Кыргызстандагы элчиси Франц Айхингер мырза Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков жана шаар мэри Жумагул Исаков менен жолугушту. Андан соң элчи мырза Оштогу бир катар жогорку окуу жайларында болуп, окутуучулар курамы жана студенттер менен пикир алмашты. Пикир алмашуунун жүрүшүндө элчи мырза көбүнчө март окуяларынан кийинки республикадагы коомдук саясий өзгөрүүлөргө кызыкты. Шаардын өнөр жай жана тейлөө ишканалары менен таанышуу учурунда Франц Айхингер мырза ишкерлер менен орто жана кичи ишкерликти өнүктүрүүдөгү мамлекеттин тийгизген таасири боюнча аңгемелешти. Үч күнгө созулган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Германиянын элчиси Франц Айхингер Ноокат, Араван, Өзгөн жана Карасуу райондорунда да болмокчу. Мындай маалымат Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG