Ирактагы сунни саясачылары шииттер жетектеген коопсуздук күчтөрдүн 173 адамды кыйноого алуусун эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылышты. Көпчүлүгү суннилер болгон 170тен ашуун сабалган адамдарды АКШнын аскерлери Ирактын ички иштер министрлигинин жанындагы жер төлөөдөн тапкан. Премьер-министр Ибрахим аль-Жафари окуяны иликтөөгө буйрук берген. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ирак өкмөтү окуяны ишенич туудура турган деңгээлде иликтей аларын, ошондуктан эл аралык иликтөөнүн зарылдыгы жоктугун билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча атайын өкүлү Манфред Новак Ирактагы АКШ жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнө таандык бардык абактар кыйноолорго байланыштуу көз карандысыз текшерилүүгө тийиштигин билдирүүдө.
Ирактагы сунни саясатчылары кыйноолорду эл аралык деңгээлде текшерүүгө алууну талап кылууда