Конференциянын катышуучулары Ислам тынчтыкты көздөгөн дин экенин баса белгилеп, өз сөздөрүн Кураани Каримден жана Хадистерден алынган үзүндүлөр менен далилдеп жатышты. Башкалары болсо Мухамед Пайгамбардын өмүрүн адилеттүүлүктүн жана теңчиликтин үлгүсү катары келтирип жатышты:
- Пайгамбардын баарына тегиз тең мамиле кылгандыгынын мисалы катары өңү кара африкалык мусулман, мурда кул болуп жүргөн Белал дегендин окуясын келтирсек болот. Анын расалык жана социалдык тегине карабастан, пайгамбарыбыз аны эң биринчи азанчы кылып дайындаган. Азан чакырып, элди намазга чогулткан абдан жооптуу жана сыймыктуу вазыйпа болгон, - деди Ооганстандын президенти Хамид Карзай Ислам аталган коференцияда сүйлөгөн сөзүндө.
Расалык кемсинтүү жана социалдык басмырлоо өкүм сүргөн ал доордо мындай мамиле Исламдын асыл-нарктарын жайылтууда өлчөөсүз чоң роль ойногон, деп кошумчалады Карзай.
Конференцияда сөз сүйлөгөн саясатчылар менен укук коргоочулардын арасында Ирактын президенти Жалал Талабани, Ирандын мурдагы президенти Мухамад Хатами, Мисирдин жана Марокконун диний маселелер боюнча министрлери, Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын Ооганстандагы өкүлү Лахдар Брахимилер болду. Булардын баары Ислам менен терроризм бири-бири менен коошпой турган нерселер экенин баса белгилешип, "мусулман терроризми" деген түшүнүктүн коомчулуктун аң сезиминде орноп калуусуна каршы чара көрүүгө чакырышты.
Улуттар Уюмунун өкүлү Брахими буларга токтолду:
- Биз өзүбүздө жана жалпы коомубузда орун алган стереотиптерден бошонуп, өз ара түшүнбөстүккө алып келе турган жөнөкөйлөштүрүүдөн качуубуз керек.
Бирок сөз сүйлөгөндөрдүн арасында ислам өлкөлөрүндө орун алган теңсиздикти сынга алгандар да чыкты. Алардын бири Нобель сыйлыгынын 2003-жылкы лауреаты, ирандык адвокат Ширин Эбади болду. Сынга кабылган өлкөлөрдүн конкреттүү аттарын атабаганы менен Эбади айрым мамлекеттер Исламга жамынып алышып, аялдардын негизги укуктарын чектеп жатышканын, айрым ыймансыз эркектер болсо аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүп жатышканын айтты.
Ал эми Мисирдин дин маселелери боюнча министри Махмуд Закзуктун айтымында, мусулман мамлекеттеринде зулумдук өкүм сүрөт, деген жаңылыш ойго жетеленген Батыш мамлекеттери ислам өлкөлөрүн "цивилизация" жолуна салуу үчүн аларды демократиялаштырууну көздөп жатышат. Закзук Батыштын андай аракеттери сөзсүз четке кагыла турганын экертти. Закзуктун айтымында, террорзизмге каршы күрөшүүгө бел байлаган Батыш мамлекеттери эң оболу терроризмге эмнелер себеп болуп жатканын так аныктап алуулары керек. Терроризмди жок кылуу үчүн ириде ага себеп болуп жаткан жакырдык менен көз карандылыкты жойуу керек, деди мисирлик министр.
Конференцияны жаап жатып, анын уюштуруучусу, Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник үч күн бою орун алган пикир алмашуу Европа өлкөлөрүнө мусулман дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк бергенин жана келерки жылы анын өлкөсү Еврошаркетке төрагалык кылганда, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди жакшыртуу приоритеттердин бири боло турганын баса белгиледи.