Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

17-НОЯБРЬ - KЫРГЫЗ КИНОЧУЛАРЫНЫН КҮНҮ


17-ноябрь - кыргыз кино чеберлеринин кесиптик күнү. Кино ишмерлер Кыргызстан эгемендүүлүк алып, өз алдынча мамлекет болгону кино тармагына көңүл бурулбай, бир кезде дүйнөгө “Кыргыз керемети” деп таанылган улуттук кино өнөрү оор кризиске учураганын айтышууда. Ал эми мамлекеттик катчы жаңы өкмөт кино тармагын өнүктүрүүгө көңүл бура тургандыгын билдирди.

66 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө. Өткөн кылымдын 60-жылдардын орто ченинде «Кыргызфильм» киностудиясы түзүлүп, мамлекеттик план боюнча жылына 5 көркөм тасма, 20дан ашуун хроникалдуу-даректүү тасмалар жаралып, жандуу тарых галареясы түзүлгөн эле. Кино искусствосу мамлекеттик идеологиянын бирден-бир куралы катары пайдаланылып келген. Ал эми «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган толук метраждуу «Тайгак кечүү», «Бакайдын жайыты», «Ашуудан атылган ок», «Көк серек», «Улан», «Саманчынын жолу» жана башка көркөм тасмалар «Кыргыз керемети» деп аталып, дүйнөлүк кино өнөрүндө татыктуу орун алган.

Кыргыз кино чеберлеринин ийгиликтеринин түпкү себебин мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов мындайча сыпаттады:

- Дегеле кыргыз кино өнөрүнүн ийгиликтеринин түпкү себептери эмнеде? Кыргыздын улуу рухунда. Кыргыздын байыркылуулугунда. Кыргыздын түптүүлүгүндө, тектүүлүгүндө. Ошонун баарысынын касиети чогулуп келип, ири-ири чыгармачылык ийгиликтерди жаратып келатат. Муну таамай, так айта турган мезгил келди деп эсептейм.

Бир кезде ар бир айылдагы маданият үйлөрүндө кино көрсөткүч аппараттар орнотулуп, карапайым калк дүйнөлүк, совет, кыргыз кинолорун чоң экрандан көрүп, руханий ырахат алышуучу. Кийинки мезгилде мамлекеттин колдоосуна алынбай, көмүскө калган кино тармагы, анын ичинде жүздөгөн кинотеатрлар кароосуз калып, айрымдары менчиктештирилип да кеткен. Буга байланыштуу мамлекеттик катчы пикирин мындайча билдирди:

- Айыл жерлериндеги маданият үйлөрүнүн, кинотеатрлардын абалы ойдогудай эмес. Бул тармакка көп жыл бою көңүл бурулбай келди. Эми ушунун баарын оңдоп, кайрадан жандандыралык деп аракет кылып атабыз.

Жакында кошуна Казакстанда «Көчмөндөр» деген аталыштагы тарыхый көркөм тасманын бет ачары күтүлүүдө. Аталган тасманы тартуу үчүн казак өкмөтү 35 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат жумшаган экен. Ал кинотасмага АКШнын мыкты кино жылдыздары менен кошо кыргыздын белгилүү киноактеру Догдурбек Кыдыралиев, маркум Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев жана кыргыздын каскадерлору тартылышкан.

Белгилүү кино оператор, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиевдин пикиринде, кыргыз кино чеберлери да көлөмдүү көркөм тасма тартууга куштар:

- Менин оюмча, ушул кезде биздин мамлекет башында турган жетекчилер улуттун намысын көтөрө турган чоң полотно, көлөмдүү көркөм тасма жаратуу керек. Анткени кино өнөрү аркылуу мамлекеттүүлүктү сактап калууга үндөп, ынтымактын ырысын, биримдүүлүктүн касиеттерин сездире билиш керек. Мындай чыгарма жаратууга кыргыздын чыгармачыл инсандары даяр. Анткени биздин эл таланттуу, деңгээли бийик эл.

Кыргыз мамлекеттик киновидеокомпаниясынын төрагасы Замир Эралиев жакында эле Орусиянын кино ишмерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жылына орус-кыргыз киночулары бирден көркөм тасма тартууга, кинотасмаларды Орусиядан прокаттоого, кыргыз жаштарын Москвадан кино өнөрүнө окутууга макулдашып келгенин билдирди:

- Биз кино тармагы боюнча кошумчалар менен жаңы мыйзамды кабыл алсак, мамлекеттин бюджетинен 0,1% эмес 1% каражат бөлүнсө, кыргыз кино өнөрүн бутуна тургузууга шарт түзүлөт эле. Анткени кыргыз кино өнөрүнүн башкаларга окшобогон өзүнчө мектеби бар.

Кино тартууга өкмөт тарабынан өткөн жылы атайын каражат бөлүнүп, ага «Айыл өкмөтү» деген кино тасма тартылып, бир катар эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга татыктуу болгон.

Ал эми таланттуу актерлор, кино режиссерлор Кыргызстанда кино өнөрү бааланбай, коомчулуктун көңүлү бурулбай калгандыктан айласыз ар кайсы кызматтарга иштеп кетишкенин айтышууда. Алардын бири Москванын кино инсититутунан атактуу актер Баталовдон таалим алган кино актер Токон Дайырбеков:

- Биз ВГИКти бүтүп келгенде кыргыз кино өнөрүнө жаңы чыгармачылык дем, жаңы көз караштарды алып келген элек. Азыркыча айтканда, КМШ өлкөлөрүндө биздин балдар жылдыз болуп тааныла баштаган. Андан кийин коом өзгөрдү, доор өзгөрдү. КМШдагы башка өнөрпоздорго караганда биздин тагдырыбыз өтө оор кыйынчылыктарга дуушар болду. Бирок кыргыз актерлорунун өзүнчө улуттук дейбизби, жер шартынын дейбизби, өзгөчөлүктөрү бар. Искусстводо бир термин бар “темперамент” деген. Мындай касиетти ар бир улуттун актерлоруна бере бербейт. Анын үстүнө кыргыз актерлору турмуштагыдай образ жаратууга далалат кылат.
XS
SM
MD
LG