ТАЛАС. Таластагы Жер үй алтын кенин иштетүү лицензиясы чет элдик “Норокс” фирмасынын туунду мекемеси болуп ачылган “Талас голд” ишканасынан өткөн жылдын август айында алынып коюлган. Лицензияны алып коюунун көптөгөн себептеринин бири болуп экологиялык коопсуздук маселеси эсептелген. Демократияга колдоо көрсөтүүчү Таластагы маалымат борборунда өткөн кезектеги талкууда аты аталган ишкана лицензияга ээ боло элек жатып эле, кенде курулуш иштерин улантып жаткандыгы айтылды. Ишканага облустун, райондун кен жайгашкан Бекмалда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалына жардам берип жатканы менен кенди иштетүүнүн экологиялык коопсуздугу жөнүндө элге маалымат аз берилип жаткандыгы сынга алынды. Жыйында ошондой эле алтын кен иштетилген аймактарда кыртыш, аба, суу, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү кандай өзгөрүүлөргө туш болуп жатканы, адамдардын ден-соолугуна келтирилүүчү залал туурасында дүйнөлүк тажрыйбалар, мисалдар айтылды. Талкууга жер үй алтын кенинин эколог адистери да чакырылган, бирок алар келалышкан жок.