Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Тышкы иштер министрлиги Ганси аскердик базасы боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. Анда АКШдагы элчи Замира Сыдыковага аскердик база боюнча сүйлөгүдөй полномочие берилген эмес деп айтылган. 14-ноябрда АКШнын “Нью-Йорк таймс”, “Файненшл Таймс” өңдүү гезиттеринде Замира Сыдыкованын бул багыттагы пикирлери жарыяланган. Буга чейинки жылдарда “Манас” аба майданын пайдалануу боюнча Кыргызстандын АКШга дооматтары бар деген ойлорду Тышкы иштер министрлиги жокко чыгарат. Учурда Кыргызстан менен АКШ аскердик база боюнча келишимдин техникалык жана финансылык тарабын кайра карап чыгууда, деп жазылат билдирүүдө. Бул жаңы келишимде кыргыз тарап “Манас” аэропортунун аймагын ижарага алгандыгы үчүн акы төлөмүн жогорулатуусу, аэронавигациялык тейлөө үчүн акы төлөө, Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянынын ордун толтуруу өңдүү талаптарды коюп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабында Бишкекке АКШнын Коргоо мипнистрлигинин өкүлү контр-адмирал Роберт Моулер 4-ноябрда келип кеткен.

XS
SM
MD
LG