БИШКЕК. Кыргызстанда оңчул көз караштагы партиялардын ичинен он бештей саясий партия өз ара бир саясий бирикмеге кошулуу чечимине келишти. Бул тууралуу партия лидерлери 18-ноябрда Бишкекте маалымат жыйында коомчулукка кабарлашат. Мындай демилгени ишке ашыруучулардын бири «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, өз ара биригүүгө «Эрк», «Асаба», «Республика», «Үйкуруучулар», «Кыргызстан элдик кыймылы», «Кыргызстан келечеги», «Эл мурас», «Кыргызстан аялдары» жана башка баш-аягы он бештей партия жетекчилери кол коюшту. Юстиция министрлигинен бүгүнкү күнгө карата алтымыш төрт саясий партия каттоодон өтүшкөн.