Сүрөттөр Франция менен Германияда болуучу көргөзмөгө жөнөтүү үчүн Мартини шаарында машинелерге жүктөлүп, жолго чыкканда ишембиден шаршембиге караган түнү кайрадан токтотулуп олтурат. Булардын экинчи жолу камалынышына Нога компаниясынын кайрадан сотко кайрылып, тийешелүү чечим чыгартып алгандыгы себеп болгон.
Бул жөнүндө Орусиянын Швецариядагы элчилигинин пресс аташеси Игорь Петров буларды баяндаган:
- Швейцариянын өкмөтүнүн федералдык кеңешинин кийлигишүүсү менен кечээ жергиликтүү саат күндүзгү 3тө сүрөттөр бошотулган. Нога компаниясынын арызы боюнча, сүрөттөрдү экинчи жолу камалоо жөнүндө чечим чыгарылды. Компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн чечим ого эле тез чыгарылды. Ошон үчүн машинелер азыр чек арада турушат.
Орусиядан аласасын өндүрө албаган “Нога” компаниясы сотко биринчи жолу 1990-жылдардын башында эле кайрылып, Стокгольм сотунун чечими менен Орусиядан бир жарым миллиард доллар өлчөмүндөгү кенемте акча кестиртип алган. Бирок акчаны тийгизип алуу оңой эмес болуп чыкты. Компания акыры биз сөз кылып жаткан чараларга барууга мажбур болгон.
1997-жылы “Нога” компаниясы Орусиянын Франциядагы элчилигинин банк эсептерин токтотуп, Франциянын Ле Бурже шаарындагы авиасалонго койулган Су үлгүсүндөгү аскердик учактарды жана "Седов" деген желкемени барымтага алууга аракеттенген. Натыйжада Орусия ле Буржедеги көргөзмөдөн дээрлик баш тартууга мажбур болгон. Мындан эки жыл мурда Франциянын соту “Нога” компаниясынын доо арыздары боюнча Орусиянын мүлкүнө арест салынбай турганын билдирген.
Расмий билдирүүлөр боюнча, Орусиянын “Нога” комапниясына болгон карызынын көлөмү 680 миллион долларды түзөт.
Орусия өкмөтүнүн аракеттеринин арты менен 16-ноябрда кечинде Швейцариянын бийликтери эл аралык мыйзамдар искусство чыгармаларын жеке кызыкчылыкта барымтага алууга жол бербесин билдирип, сүрөтөргө салынган камалоону алып салышты.