Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

18 САЯСИЙ ПАРТИЯ БИРИГҮҮНҮ КӨЗДӨШҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда оңчул көз караштагы саясий партиялардын ичинен он сегизи өз ара бир саясий бирикмеге биригүүнү көздөшүүдө. Алардын расмий түрдө биригүүсү мына ошол партиялардын үстүбүздөгү жылдын он биринчи декабрында өткөрүлө турган жалпы республикалык жыйынында документтештирилет. Бул тууралуу болочок бирикменин атынан ага кирген бир нече партия өкүлдөрү18-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти.

Маалымат жыйынына “Эркиндик”, “Республика”, “Кыргызстан элдик кыймылы”, “Үй куруучулар”, “Эрк” жана башка онго жакын саясий партия өкүлдөрү катышышты. Алгач сөз алган «Эркиндик» партия жетекчиси Топчубек Тургуналиев бирикмеге он сегиз саясий партия кирүүнү көздөп жаткандыгын, бул күнкү жыйынга келбей калган партиялар биригүү тууралуу аларга коомчулукка маалымдоосуна уруксат бергендигин эскертти.

Андан соң Топчубек Тургуналиев аталган партиялардын расмий түрдө биригүүсү мына ошол партиялардын үстүбүздөгү жылдын он биринчи декабрында биргелешип өткөрүшө турган жалпы республикалык жыйынында документтештирилээрин эскертти:

- Биригүү он биринчи декабрда өткөрүлө турган жалпы республикалык жыйында мыйзамдаштырылат.

Топчубек Тургуналиев оңчул көз караштагы партиялардын биригүүсүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз Конституциялык реформадагы маанилүү маселер боюнча бир пикирдебиз. Ошондуктан биз өз ара биригүү чечимине келип, бүгүкү маалымат жыйынын өткөрүп жатабыз.

Маалымат жыйын өткөрүшкөн партия өкүлдөрүнүн айтымында, он сегиз партиянын баары тең Кыргызстан 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик башкарууда болушун, 2010-жылдан тарта парламенттик башкаруу ыкмасына өткөрүүнү колдошууда. Мындан сырткары бул партиялар келечекте мамлекет башчыдан, Жогорку Кеңеш депутаттарынан кол тийбестик укугун, ал эми орус тилинен расмий тил статусун алуу маселеси боюнча да бир пикирде.

Мындай бирикмеге эмне үчүн кирип жаткандыгын «Үй куруучулар» партиясынын жетекчиси Дүйшөгул Жусупов төмөнкүчө белгиледи:

- Мындай бирикмеге кирип жатканыбыздын себеби - өз ара биригишип, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуу деген ой менен байланыштуу.

Ошондой эле Топчубек Тургуналиев «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, аталган саясий партиялар келечектеги парламенттик шайлоого бир саясий блок менен чогуу катышаарын, ага чейин бул партиялар өз ара бир саясий партияга да биригип кетүүсү мүмкүн экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG