БИШКЕК. 18-ноябрда түштөн кийин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов баштаган топ нааразылык акциясын уюштуруп жаткандар менен жолугушуу үчүн Барскоонго барды.
Буга чейин нааразы тарап менен жергиликтүү бийлик башчылары, «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын башчысы Эндрю Льюис жолугушкандыгы кабарланган. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда, ишкана башчысы беш айылдын элине үстөксүз кредит берүүнү убада кылды. Бир жумадан бери Барксоон, Тосор, Тамга, Чоңжаргылчак, Кичижаргылчак айылдарынын тургундары Бишкек-Кумтөр автожолун үч жерден тосуп, Барскоон кырсыгына байланыштуу Канадалык ишканага тогуз талап коюп жатышат.