Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

ДЕПУТАТ АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛДЫБЫ?


Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин №31 түрмөдө атып өлтүрүлгөндүгүнө бир ай чамалап калды. Бул окуяга байланыштуу тергөө тобу өз бүтүмүн чыгара элек. Депутаттык иликтөө комиссиясы тыянагын келерки аптада ачыктаары болжолдонууда. Ошол эле учурда маркумдун туугандары анын өлүмүнө премьер-министрди күнөөлөп, кайрадан саясий талап менен чыгууну көздөп жатышат. Окуянын курчушуна эмне себеп болду? «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында ушул маселенин айланасындагы журналисттик иликтөөлөр камтылды. Берүүнү кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы алып барат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG