Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

КАТАРДА ООР АТЛЕТИКА БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ


18-ноябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын мелдештери улантылды. Бул таймашууларга Кыргызстандан жаштар арасында Азия чемпиону Кутман Молдодосов да катышууда.

Оор атлетика 1896-жылдан Олимпиадалык оюндардын, 1898-жылдан бери дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Эл аралык оор атлетика федерациясы 1920-жылы түзүлгөн.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган. Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров жана Улан Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышкан.

Кыргызстандык жигиттер мурдагы жылы каражат жоктугунан Канадада өткөн дүйнө чемпионатына барбай калышкан. Эми Дохадагы дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Кутман Молдодосов гана катышууда. Ал уландар арасында Азия чемпионатынын 2 күмүш байгесин утуп, былтыр жаштар арасында Азия чемпиону аталган.

Кутмандын даярдыгы тууралуу анын бир тууган агасы, оор атлетика боюнча ислам оюндарынын жана Азиянын чемпиону Улан Молдодосов мындай дейт:

- Кутман колдон келишинче, каражаттын жетишинче даярдык көрдү. Акыркы машыгууну Ташкенде Өзбекстандын командасы менен бирге өткөрдү. Биздин жигиттерге демөөрчү болуп, колдоого алган ишкер агалар деле болбоду. Колдоого татыктуу, намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар деле бар. Кендирди кескен каражаттын азабынан мурдакы жылы Канадага дүйнө чемпионатына барбай, Афинага 3-4 жолдомону колдон чыгарып, арманда калганбыз. Кутмандын келечеги алдыда болгондуктан аны атайын дүйнөлүк таймашууга алып барып, чеберчилигин жогорулатып жатышат. Аны негизинен 2008-жылы Пекинде болчу олимпиадалык оюндарга азыртан даярдап, сыноолордон өткөрүүдө. Кутман иним Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө аракет кылат.

Мындан бир ай мурда Дубайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль жеңип алган Улан Молдодосов эмне себептен Дохадагы дүйнөлүк таймашууга барбай калганын мындайча түшүндүрдү:

- Аралык өтө чукул болуп калды. Мен Азия чемпионатында 85 кг. салмакта мелдешип, чемпион аталсам, учурда арыктап салмагым 80 кг. болуп калды. Эгерде Дохадагы дүйнөлүк чемпионатка барсам анда 77кг салмакка түшсөм, ден соолугума таасирин тийгизмек. Салмак кууп, салмак түшүрүү кан тамырларыма зыянын тийгизмек. Ошондуктан 85кг салмакка баруу менен эч кандай ийгилик жарата алмак эмесмин. Мындан сырткары дагы каражат учурунда берилбей, толук даярдык көрүүгө мүмкүн болбоду...

Кыргызстандын Улан Молдодосов баштаган оор атлетчилер командасы декабрда Түштүк Кореянын борбору Сеулда өтө турган Азия Кубогуна барууга даярдык көрүп жатышат.

Кыргызстандык оор атлетчилерден Замир Ашырбаев, Капаев жана Улан Молдодосов каражаттын жетишпегендигинен Дохадагы дүйнөлүк чемпионатка барбай калышканын Кыргыз дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетектөөчү адиси Шадатбек Акматов айтып берди.

Дохадагы дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов расмий чакырылып, чемпионатка калыстык кылууда. Ал эми Кутман Молдодосовду өлкөнүн улук машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров коштоп барды.

Катар өлкөсүнүн Доха шаарында дүйнөлүк таймашуу курч мүнөздө өтүүдө. Себеби, бул күч сынашууда дүйнөнүн тандалган мыкты балбандары мөөрөй талашууда. Учурда орусиялыктар 8 медаль утуп алышса, анын бирөө гана алтын байге. Казакстандык оор атлетчилерден дагы Илим аттуу жигит дүйнө чемпиону болуп калды. Ошондой эле 94 кг. салмакта баш байгени азербайжандык Низами Пашаев жеңип, алтын медаль тагынды. Ушул салмакта күч сынашкан Казакстандын намысын коргоп жүргөн 14-Азия оюндарынын чемпиону, кыргыз жигити Бакыт Ахмедов болгариялык Милен Добревге 1кило айырма менен утулуп, коло байгени колдон чыгарып жиберди. Бакыт бул жолу 182 кг. жулкуп, 215 кг. түртүп көтөрүп, төртүнчү орунду ээледи.

Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Бакыт Ахметовго учурунда кыргыз спорт жетекчилери шарт түзбөй, карабай коюшканда, Казакстанга кетип калган. Бакытка алар абдан жакшы шарт түзүп беришкен. Айына миң доллардан ашуун стипендия алат. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында Бакыт Казакстанга үч алтын медаль утуп бергени үчүн алар ага улуттук баатыр катары сый-урмат көрсөтүшкөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG