Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

ЛОНДОНДО ГУАНТАНАМОНУН МУРДАГЫ ТУТКУНДАРЫ ЖОЛУГУШУУДА


Үч күндүк конференцияда Кубадагы Кошмо Штаттарынын камак жайынан бошонуп чыккандар башынан өткөргөн окуяларын ортого салып, алардын арыз-армандарына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурууну максат кылышууда. Жыйын Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун демилгеси менен уюштурулду.

Катышуучуларын бири Айрат Ватихов Гуантанамого чейин Орусияда, Тажикстанда жана Ооганстанда камалып чыккан:

– Гуантанамо бейге чейин эле башка абактарда болгом, бирок Гуантанамодо мен мурда угуп-билбеген нерселерди башыман өткөрдүм. Мисалы адамды атайылап кемсинтүү, диний сезимдерди жана Куранды кордоо сыяктуу нерселерди мен башка эч жерден көргөн эмесмин.

Вахитовдун айтымында, Гуантанамодо намаздын мезгилинде АКШнын улуттук ырын ойнотуп коюшчу. Кошмо Штаттары бул өңдөнгөн айыптоолорду четке кагып келет. Гуантанамодогу америкалык согуш базасында азыр да «ал-Каидага» же ооган талибдерине тийешеси бар деп шектелген 500дөн ашык киши бар. Алардын көбү төрт жылдан ашык мезгилден бери расмий айып коюусуз отурушат.

Кошмо Штаттары аларды Женева конвенциясы коргобогон мыйзамсыз согушкерлер деп жарыялаган. Анын аралыгында Бириккен Улуттардын билермандар тобу Гуантанамого баруу планынан баш тартышты. Алар айыпкерлер менен жолтоосуз сүйлөшүүгө Вашингтон уруксат бербей койгондугун билдиришти.

XS
SM
MD
LG