Казак президенти Украинада эки күн болуп, Казакстандан мунай-газ сатууну талкуулады. Назарбаев президент Ющенко менен жолугуп, Казакстан Украинада куралган учактарды сатып алаарын бышыктады. "Биз башка сунуш алган жокпуз, башка сунуштун кереги да жок"? - деп айтты Назарбаев пресс конференцияда.