Жанкечтилер кечээ Ханакин шаарында шийилердин мечитин жардырып, 74 киши каза болгон эле. Жума намаздын мезгилиндеги кол салуудан дагы кеминде 75 киши жараат алган. Ушул эле күнү Багдадда эки машина жардырылып, кеминде 6 адамдын өмүрү кыйылган жана 40 чактысы жараат алган.