Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

УКК кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешти


БИШКЕК. 19-ноябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешти. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматында салтанаттуу жыйын өтүп, ага президенттик админстрация жетекчиси Үсөн Сыдыков, Бишкек шаарынын башчысы Арстанбек Ногоев жана күч структураларынын башчылары катышты. Анда сөз сүйлөгөн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев аталган кызматтын бүгүнкү жасап жаткан иш-аракеттерине токтолуп, уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана баңги заттарга каршы күрөшүүдө чекисттер алдынкы катарда экенин белгиледи. Президент Курманбек Бакиевдин куттуктоосун президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков окуп берди. Ошондой эле ал президенттин атынан Улуттук коопсуздук кызматынын бир катар кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын тапшырды. Ал эми аталган кызматтын мурдагы төрагасы, арадагер Жумабек Асанкуловго экинчи даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды.

Мындан 14 жыл мурда, 1991-жылдын 20-ноябрында Эгемендүү Кыргызстандын коопсуздук кызматын түзүү тууралуу жардыкка кол коюлган.

XS
SM
MD
LG