Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Мамлекеттик тил комиссиясынын чечими менен “Үлгүлүү мугалим-2005” республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Бейшембиде өлкөбүздүн кинематографисттери кесиптик майрамын белгилешти. Кыргыз музыкасынын жана обондуу ырларынын декадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Улуттук илимдер академиясында “Азыркы кыргыз адабияты” аттуу китептин биринчи томунун бет ачары болду.

Аптанын бейшембисинде кыргыз кино күнү белгиленип, ага карата кино үйүндө Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзу жана мамлекеттик киновидеокомпаниянын демилгеси менен уюшулган майрамдык салтанат өттү. Бул иш чарага мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов келип куттуктап, айрым кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алсак актер Токон Дайырбеков “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, Светлана Орозалиева “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамдарды алышты. Ошондой эле бир катар кызматкерлер акчалай сыйлык, ардак грамоталар менен сыйланышты.

***

Бейшемби, жума күндөрү мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен “Мамлекеттик тил - жалпыбыздын тилибиз” деген ураандын астында кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында биринчи ирет “Үлгүлүү мугалим-2005” республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Ага билим берүү мекемелеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу максатында Билим берүү министрлиги менен бирдикте өткөрүлгөн бул иш чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 30 мугалим ат салышышты. Жыйынтыгында Жалалабад областынан келген Узен Атаханов жеңүүчү деп табылып,”Кыргыз тили” төш белгиси, ардак грамота жана компьютер менен сыйланды.

Бул байге бир четинен мени сыймыктандырса экинчи жагынан жаш муундарды тарбиялоодо көп нерсеге шыктандырат дейт Узен Атаканов:

- Бул албетте, мени бир жагы сыймыктандырса, экинчи жагынан жаш муундарга тил жана адабият сабактарынан терең билим берүүдө, эң негизгиси татыктуу тарбия берүүдө көптөгөн нерселерге шыктандырат.

***

Улуттук илимдер академиясында “Азыркы кыргыз адабияты” аттуу китептин биринчи томунун бет ачары болду. Буга чейин “Кыргыз адабиятынын тарыхы” деген жети томдук чыккан. Адистердин айтымында, ал китеп коомчулук тарабынан жогору бааланып, мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Ага негизинен кыргыз эл акындары, жазуучулары жана көзү өтүп кеткен улуу калемгерлердин портреттери кирген. Ал эми жогоруда сөз болуп өткөн “Азыркы кыргыз адабияты” мына ушул китептин уландысы.

Китептин бет ачарына белгилүү акын-жазуучулар, маданий жана илимий ишмерлер, ошону менен бирге борборубуздагы жана облустардагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары келишти.
Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев аталган иш чара туралуу буларды белгиледи:

- Биздин максатыбыз - ушул китепти эле көрсөтүп коюу эмес, мындан ары кыргыз адабият таануу илими кандай багытта өнүгүш керек деген маселени чечүү.

***

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечими менен кыргыз музыкасынын жана обондуу ырларынын декадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Ал туурасында мамлекеттик тил фондунун референти Өктөм Калыева төмөнкүлөрдү билдирди:

- Он күндүктү республиканын бардык эли толук жактырып, колдоп кетти деп айта албайм. Анткени көпчүлүккө жаккан да жок, көбү колдогон да жок. Бирок кантсе дагы бир биз жеңишке ээ болдук деп ойлойм. Себеби ар бир атуулдун, жарандын жүрөгүндө кыргыз музыкасы жөнүндө түшүнүк, ой калды.

Кыргыз музыкасынын жана ырларынын күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Мамлекеттик тил комиссиясынын бидирүүсүнө караганда, Жалалабад облусунда бул иш чарага жетишээрлик көңүл бурулган эмес. Аталган облустун жетекчилери он күндүк жарыялансын деген буйрук менен гана чектелип калышкан.

- Он күндүк деп жарыялансын деп буйрук кылып койгон, бирок ал аткарылып жатабы, аткарылбай жатабы буга көңүл бурулбай калган. Мен негизинен Базаркоргон, Ноокен, Сузак райондорунда болуп келдим.

***

Ысыккөл областында да үч айдан бери өтүп жаткан “Маданий күндөр” кароо-сынагы жыйынтыкталды. 2010-жылга чейин айыл маданиятын көтөрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргөн бул сынактын биринчи байгеси - он беш миң сом Ысыккөл районуна берилди. Ал эми Аксуу,Тоң жана Жетиөгүз райондоруна беш миң сомдон ыйгарылды.
XS
SM
MD
LG