Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Карасуу районундагы Алгалаш айылынын тургундары президентке кайрылышты


ОШ. Кайрылуунун негизги мазмунунда Алгалаш айылына жакын жайгашкан жер көчкү коркунучу жана ага карата тиешелүү бийлик органдарынын кайдыгер мамиле кылып жатышкандыгы айтылат. “Биз Алгалаш айылынын коркунучтуу жер көчкү участогунда жашап турган тургундары өкмөттүн алдындагы турак-жай курулуш департаментинин директору Айчүрөк Тазабекованын жана өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустамбековдун жалган убадаларына тоюп бүттүк. Катталган аймактан коопсуздук аймакка көчүп кетүү үчүн мамлекеттик ссуданы эки жарым жылдан бери ала албай жатабыз”, - деп айтылат кайрылууда. Кайрылуу ээлери президент К. Бакиев жаратылыш кырсыгынын алдын алып, жазга чейин коопсуз жайга көчүрүүгө көмөктөшө тургандыгына үмүттөнүшөөрүн айтышкан. Кайрылууга Алгалаш айылынын отуз төрт тургуну кол койгон.

XS
SM
MD
LG