Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Ысыккөлдө миграция маселеси талкууланды

БИШКЕК. Жазында Ысыккөлдө миграция маселелерине арналган Евразия форуму өтүшү күтүлүүдө. Бул маселе 20-21-ноябрда Ысыккөлдө өткөн парламенттер аралык конференцияда талкууланды. Конференцияны уюштуруучулардын бири, Жогорку Кеңештин мигарция боюнча комиссиясынын төрагасы, депутат Кубанычбек Исабековдун билдиргенине караганда, бул форумда миграция боюнча Ысыккөл конвенциясын кабыл алуу максаты алдыга коюлууда. Акыркы эки күндө Ысыккөлдө өткөн конференцияга Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан парламенттеринин миграция боюнча иш алып барган комитеттеринин өкүлдөрү катышып, анда миграция жаатында мыйзамдарды жакындаштыруу маселеси талкууланды. Иш чара башталар алдында аларды Бишкекте Жогорку Кеңештин төрага орун басары Болот Шерниязов кабыл алып, эмгек мигранттарынын укуктары талкууга алынган.
XS
SM
MD
LG