БИШКЕК. Келерки жылдан баштап Кыргызстанга келүүчү тикелей инвестициялардын көлөмү кескин өсөт. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев аскер кызматчылары менен жекшембиде өткөн жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы жылдары пайда болгон социалдык чыңалуу токтоп, өлкө стабилдүү өнүгүүгө бет алды. Учурдагы башкы милдет катары Бакиев экономиканы бекемдөө, курч социалдык проблемаларды тезинен чечүү, жардылыктан, коррупциядан кутулуу, улуттук ар-намысты көтөрүү маселелерин атады.