Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

Иракта кандуу чабуулдар токтогон жок


Багдаддан түштүктөгү Машо шаарында АКШ армиясынын аскер турагы аткыланганда, турактын жанындагы үйдөн төрт киши, анын ичинде үч жаш бала мерт болду. Америкалык-ирактык биргелешкен кайгуулдун жолунда бомба жарылып, Абу-Грайб шаарында үч ирактык аскер каза тапты. Түштүктөгү Басра шаарында да жол боюндагы бомба чабуулунан бир британ аскеринин сөөгү сөпөт болду. Түндүктөгү Тикрит шаарында куралчандар Ирак армиясынын турагында иштеген эки кызды уурдап кетишти. Ал эми Багдадда жүздөгөн ирактыктар айыпкерлерди кыйноого жол берилбеши үчүн Ирак жана АКШ бийликтерин кысымга алууну талап кылып, демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG