Египетте парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы кагылышуларга алып келип, кеминде бир киши курман болуп, дагы бир нече киши жараат алышты. Полиция кабарлагандай, 9 провинцияда полиция менен тыюу салынган «Мусулман бир туугандыгы» уюмунун тарапкерлери кагылышкан. Исламчыл уюмдун өкүлдөрү полиция 400дөй колдоочусун камакка алганын билдирди.