Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:08

Ариэл Шарон жаңы партия түзөт

Израилдик маалымат каражаттары премьер-министр Ариэл Шарон “Ликуд” партиясынын төрагалыгынан баш тартуу чечимин кабыл алды деп кабарлоодо. Партия өкүлдөрү билдиргендей, 77 жаштагы Шарон жаңы чордончул партия түзүп, эмдиги жылы жазда өтөөрү болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоого жаңы кыймылдын атынан катышаары күтүлүүдө. Жекшембиде чордончул «Эмгек» партиясы Ариэл Шарондун коалициялык өкмөтүнөн чыгуу чечимин кабыл алган. Бул маселе өткөн сентябрь айында Израил Газа тилкесин бошотуу иштерин баштаганда ликудчулар арасындагы талаш-тартыштардан улам келип чыккан.
XS
SM
MD
LG