НАРЫН. Нарындагы көз карандысыз “Алмаз-Нарын” радиосунун деректиринин орунбасары Бактыгүл Мундузовадан алынган маалымат боюнча, аймактагы №93-546 аскер бөлүгүнүн командири, полковник Бакыт Бекболотовдун аталган радиону сотко беришине 7-октябрда жергиликтүү жаңылыктарда жана “Биздин жашоо” аналитикалык берүүсүндө чагылдырылган коргоо министри Исмаил Исаковдун Нарынга келген иш сапары жөнүндөгү материалдар түрткү болгон. Бакыт Бекболотов радио берүү ар намысыбызга шек келтирди деп, 31-октябрда Нарын шаардык сотуна арыз менен кайрылып, моралдык зыянын 500 миң сомго баалаган. Жоопкер тарап юридикалык жардам сурап, эл аралык Интерньюс уюмуна кайрылууда. Сот ишти кароону 22-ноябрга белгилеген.
Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу
Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу