Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Жогорку Кеңештин отурумунда бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды


БИШКЕК. 21-ноябрда Жогорку Кеңештин отуруму спикердин орун басары Болот Шерниязовдун төрагалыгында өз ишин улантты. Отурумга 51 депутат катышып, Социалдык фонд, Согуштун жана эмгектин арадагерлери, Жогорку Кеңештин регламенти, Атуулдук кодекс жана Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Ошондой эле депутаттар энергетика тармагындагы проблемаларды козгошуп, депутат Осмонбек Артыкбаев Токтогул ГЭСинде иштегендердин эмгек маянасынын аздыгынан андагы мыкты адистер Монголия, Казакстан, Орусияга кызмат которуп кетип жатышканын билдирди. Ал эми депутат Мурат Жураев белгилүү тарыхый инсан Исхак Раззаковдун мааракесин өткөрүү алдында, анын Москвадагы жакындарынын кейиштүү абалы тууралуу маалымат берди. Жураевдин айтымында, Раззаковдун кызы эки жолу инсульт болуп, майып баласы менен учурда арзыбаган жөлөк пулга жашашат.

XS
SM
MD
LG