Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Миграция боюнча эл аралык конференция башталды


БИШКЕК. «КМШ өлкөлөрүндөгү кыргызстандык эмгек мигранттарынын азыркы абалы, келечеги» деп аталган эки күндүк эл аралык конференция 21-ноябрда Бишкекте ишин баштады. ЮСАИД уюмунун каржылоосу менен Евразия фонду уюштурган бул конференцияга Орусиядан жана Казакстандан, АКШдан өкмөттөрдүн, жарандык коомдордун өкүлдөрү катышып жатышат. Конференцияны Кыргызстандын премьер-министри Феликс Кулов, АКШнын жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилери Мари Йованович, Өмүрзак Өзбеков ачышты. Өкмөт башчы Феликс Куловдун билдиргенине караганда, атуулдарды толук иш менен камсыздоого шарт түзүлө электигине байланыштуу Кыргызстан эмгек мигранттарын экспорттоочу өлкө бойдон кала бермекчи. Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова азыр чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын санын тактоо камын көрүп жатат. Өзбековдун билдиргенине караганда, Казакстандагы эмгек мигранттарынын 60 пайызы кыргызстандыктар. Алардын кыйла бөлүгү расмий каттоодо турушпайт.

XS
SM
MD
LG