ЖАЛАЛАБАТ. Губернатордун 1-орун басары Жаныш Курбанов райондун мекеме-уюмдарынын жетекчилерин жана коомчулук өкүлдөрүн акимдин милдетин аткарууга президенттин жардыгы менен дайындалган Токтогул Акировду тааныштырды. Жергиликтүү жетекчилер анын талапкерлигин кабыл алышып, Аксыдагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жаңы акимге ийгилик каалашты. Жыйында жакырчылык менен жумушсуздук, чек ара, жол, суу, мал уурулук өңдүү проблемалар эске салынып, Жогорку Кеңеш депутаты менен айыл өкмөт башчыларын шайлоонун даярдыктары жөнүндө сөз болду. Талкууга айрым саясий партиялардын өкүлдөрү да катышты. “Кыргызстан” коомдук саясий бирикмесинин райондогу төрагасы Иманалы Сариев революциянын жеңиштерин сактап калуу үчүн жана Аксы окуясы толук ачылгыча район башчылыгына жергиликтүү адамдарды дайындоо жөнүндө президентке 20-ноябрда жиберилген кайрылуу жоопсуз калганын билдирди. Аксы окуясынан кийин эл менен милициянын ынтымагын ширеткен Жалил Сырдыбаевди ички иштер бөлүмүнүн башчылык кызматына кайра коюу талабы көтөрүлүп, ал талап аткарылбаса радикалдуу кадамдар жасалаары тууралуу эскертүү жасалды.