Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү


БИШКЕК. 21-ноябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы талкууланды. Жыйынды башкарган президент Курманбек Бакиевдин айтымында, өлкө боюнча кылмыштуулуктун деңгээли жалпысынан төмөндөгөн. Бирок буйрутма кылмыш, курал жарактарды сатуу, наркосоода, экономикалык кылмыш өңдүү кылмыштар өсүп кетти. Мунун башкы себеби катары Бакиев күч структураларынын жетиштүү иш алып барбай жатышын белгилеп, муну акыркы жылдардагы бул тармактардагы кескин кыскартуулар, социалдык камсыздоонун начардыгы, айлыктын аздыгы менен байланыштырды. Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы боюнча, кенештин катчысы Мирослав Ниязов маалымат жыйынын уюштурду. Анда белгиленгенге караганда, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жаатында мамлекеттик программа иштеп чыгууну Коопсуздук кеңеши өкмөткө тапшырды.

XS
SM
MD
LG