Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

КЫРГЫЗ ДАРЫГЕРЛЕРИ ПАКИСТАНДАН КАЙТЫП КЕЛИШТИ


Пакистандагы жер титирөөдөн жабырлан калкка жардам көрсөтүү үчүн 28-октябрда Бишкектен жөнөгөн 15 дарыгерден турган топ Кыргызстанга кайтып келди. Бул топтун өкүлдөрү 22-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинде журналисттер менен жолугушту.

Кыргызстандык дарыгерлер Пакистандын жер титирөөдөн кыйраган Мусрафат, Мансара, Бах деген шаарларында болушуп, эки жума аралыгында эки жарым миңдей адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Анын ичинен 300 операция, 46 эң оор операция жана 6 аялга кесарева-сечения операциялары ийгиликтүү жасалды. Кыргыз дарыгерлери жер титирөөдөн жапа чеккен райондорго алгач барышканда, абал абдан эле оор эле...

Кыргыз медициналык Академиясынын доценти, нейрохирург Таласбек Оморов ал туурасында мындай дейт:

- Бизди алып бараткандар ошол жерге жакындаганда мурдуларына маска тагынышып, реакциялары башкача боло баштады. Анан жыт өзгөрүп турду. Биз ошондон түшүндүк – биерде өлүм-житим көп болгонун... Каза болгон адамдар дагеле урандынын алдынан алына элек. Өлгөндөрдүн саны – 50 миң деген туура эмес, тиякта айтканга караганда 150 миң адам набыт болгон экен... Азыркы күндө урандылардын астында дагы канча киши жатат – бу да белгисиз...

Кыргызстандын дарыгерлери бул апааттан жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө - дарыгерлик кесипке берилгендиктерин, жогорку билимдүүлүгүн жана гумандуулуктарын көрсөтө алышты. Толготуп кансыраган аялга жардам көрсөтүүгө башка өлкөлөрдүн дарыгерлери даай албай, баш тартып койгон учурда, кыргыз дарыгерлери кесарева-сечения операциясы менен 6 аялды 6 баласы менен аман алып калышкан. Бул тууралу нейрохирург Таласбек Оморов буларга токтолду:

- Бир аялга кан кетип, тез операция жасоо зарыл болгондо башка мамлекеттин анестезиологдору наркоз бергенден баш тартышып, ошондо биздин дарыгерлер барып, мыкты деңгээлде наркоз беришип, 6 аялды 6 баласы менен сактап калышты.

Пакистандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө барып келген 15 дарыгердин үчөө - Бишкектеги 3-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгер айымдары – гинеколог Бактыгүл Низамова, кардиолог Гүлмира Колдошева жана педиатр Гүлмира Базарбаевалар. Алардын пикиринде, пакистандык эркектер аялдарга аларды төмөнсүтүү менен мамиле жасашат. Ал тургай пакистандык дарыгерлер өздөрү – мисалга фенондоскопту оорулуу аялдын кийиминин үстүнөн коюп эле текшере беришет. Дарыгерлик жүрүм-турумга жатпаган жагдайларды көп учураттык, дешти дарыгер айымдар. Алардын бири, гинеколог Бактыгүл Низамова мындай дейт:

- Мен Кыргызстанда жашаганым үчүн абдан сыймыктанам. Себеби Пакистанда аялдарга мамиле жакшы эмес экен... Аялдарын эркектерге көрсөтүшпөйт экен. Ошондуктан аялдар бизге көп көрүнүп жатышты. Тамак-ашы начар. Элдин 70 пайызы жакыр, билими жок... Айт күндөрү Пакистандын дарыгерлери үйлөрүнө кирип кетип, биз иштеп аттык... Малайзия, Куба, Бельгия өңдүү мамлекеттердин дарыгерлери ООН аркылуу 3000 евродон апрельге чейин иштемек болуп келишим түзүшүп, Кыргызстан менен Босния-Герцоговиниядан баргандар гана бекер иштедик... Кыйналдык...

Ал эми педиатр Гүлмира Базарбаева буларга токтолду:

- Жер титирөөгө байланыштуу буту чирип кеткен, колу жулунгандар, буттары жулунгандар көп болду... Ошолордун баарына педиатриялык да, хирургиялык да кызматтарды көрсөтүп аттык

Бишкектеги №4 оорукананын хирургу Манасбек Эсенгелдиев Пакистанга болгон дарыгерлик сапарынан төмөнкүдөй ойлорун ортого салды:

- Оорулуу аялды чечиндирип текшерели десек, бизде дин жол бербейт дешет... Өздөрүнүн врачтары кулагына фенондоскоп салып, аялдын көйнөгүнүн сыртынан угуп атат... Аялдары өйдө карап сүйлөй алышпайт экен.

Жогоруда Кыргызстандан Пакистанга барган дарыгерлер белгилегендей, башка мамлекеттердин дарыгерлери БУУ аркылуу көрсөтүлгөн медициналык кызматтары үчүн апрель айына чейин айына 3000 евродон алып турмакка келишим түзүшкөн болсо, кыргыз дарыгерлери жер титирөөдөн жабырланган элге 3 жума бою бекер медициналык кызмат көрсөтүшкөн. Жогорудагыдай келишимдин түзүлбөгөндүгүнөн улам, аларга Кыргызстанга кайтууга туура келген. Учурда дарыгерлердин айтымында, Пакистандын элчилиги кыргыз өкмөтүнө кыргыз дарыгерлеринин жардамын сурап кайрылууда.

XS
SM
MD
LG