Миналарды жок кылуу үчүн аракеттенген эл аралык уюм бүгүн Нью-Йорк шаарында кезектеги отчет чыгарып, 2005-жылы дүйнө жүзүндө миналарды колдонуу бир кыйла кыскара баштаганы тууралуу билдирди. Отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, планетада азыр 200 миң чарчы чакырым жерге мина коюлган жана алардан жыл сайын орто эсеп менен 15 миңден 20 миңге чейин адам өлөт. 1997-жылы Оттава шаарында миналарга каршы эл аралык конвенция түзүлгөн, ага 150 мамлекет кол койду, бирок АКШ, Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөр кошулбай келатат.
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады